Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын абалы начар экени айтылууда 

Саясат | 28 Мар 2023 | 523 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар ден соолугу күндөн-күнгө начарлап, ооруканада дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын айтышып, тиешелүү органдарга кайрылуу жолдошууда. Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Кемпир-Абадды коргоо комитетинин 4 мүчөсү ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган, дагы төртөөнө операция жасалып, кайра абакка кайтарылган. Учурда дагы төртөөнүн ооруканага жатышы керектиги айтылууда.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик камактагыларды эркиндиктеринен гана ажыратпастан, сапаттуу медициналык кызмат алуудан да ажыратып, кыйноолорго дуушар кылып жатканын жарыялады.

Анын айтымында, дарыгерлердин көрсөтмөсүнө карабай, абактагы активисттер Гүлнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменовдордун ооруканага жатуусуна уруксат берилбей жатат. Ал эми оор операция жасалган Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова ден соолугу толук калыбына келе электе эле эч кандай шарты жок түрмөгө кайра камалган. Саясатчы мунун баарын бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып жатат деп эсептейт.

Равшан Жээнбеков ошондой эле бийликтин басымынан корккон дарыгерлер же оорукана жетекчилери катуу ооругандарын көрүп турса да, аларды кабыл алуудан баш тартып, ал эми кабыл алгандары дарылоону толук аяктабай, ооруканадан чыгарып коюшарын билдирген. Ал буга байланыштуу көз карандысыз дарыгерлерден комиссия түзүп, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды карап, жыйынтык чыгарып берүүсүн суранган.

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан юрист Клара Сооронкулованын ден соолугу начарлап, пневмонияга кабылганы 27-мартта белгилүү болду. Сооронкулова 21-февралда эле медициналык текшерүүдөн кийин операция болуп, кайра абакка которулган эле.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын ден соолугуна байланыштуу тиешелүү иштер аткарылып жатканын билдирди.

«Акыркы жолу бизге Клара Сооронкулованын адвокаты Жакупбекова расмий түрдө кайрылган. Операциядан кийинки абал боюнча биздин кызматкерлер барып келишкен. Андан кийин биз Саламаттык сактоо министрлигине жана Жазаларды аткаруу кызматына кат жөнөткөнбүз. Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталдан дарыгерлерди бөлүп берди. Бүгүн да биздин кызматкерлер пневмония болду дегенден кийин барып, жөтөл бар экенин көрүп келишти. Ал короновируска каршы тест алып, өпкөсүн рентгенге тарттырышы керек экен. Бирок ал рентгенден баш тартыптыр, анткени беш ай мурда эле тартылган экен. Ошондой эле СИЗОнун шартында дарылануу мүмкүн эместигин, ал жерде аны антибиоттик менен дарылагандыктан боорго терс таасир берип жатканын айткан. Ал боюнча дагы беш врач бөлүнүп берилиптир. Алар да карап, өздөрүнүн тыянактарын беришет го… Бирок Сооронкулованын жакындары: «Жеке менчик клиникалардан дарылануудан өтүүгө шарт түзүлүп берилсе», — деп жатышат».

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова учурда ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткандардын кармалганда эле өнөкөт оорулары бар экени белгилүү болгонун айтат. Ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар коомчулукка белгилүү адамдар болгондуктан ооругандары ачык айтылганын, чындыгында, абактагы миңдеген жаран ушундай эле шартта кармалып, ушундай эле оорулар менен ооруп жатышканын, түрмөдө соо адам да ооруга чалдыга турганын белгилеп өттү.

«Чыңгыз Капаровдун бөйрөгүндө ташы бар, өнөкөт оору менен ооруй турганы айтылган. Таалай Мадеминов кант диабетинин экинчи стадиясы менен ооруйт, азыр буттары шишип, оорусу күчөп жатат. Мамбетжунус Абылов өнөкөт кан басымы оорусу менен жабыркайт, такай жогорку кан басым менен жүрөт. Клара Сооронкулова чындап эле ооруп жүргөн, сыртка чыгып, дарыланып келген. Кайра барып операция жасатышы керек болчу, аны да билчүбүз. Перизат Суранова да онкология боюнча операцияга даярданып жаткан экен. Эми Асия Сасыкбаеваны баарыбыз билебиз, жетимиштен ашкан адамдар ар кандай ооруга чалдыгат. Азыр муундары шишип ооруп жатат. Бүгүнкү күндө Асия Сасыкбаеванын, Гүлнара Журабаеванын, Клара Сооронкулованын абалы начарлап кетти. Чыңгыз Капаров менен Таалай Мадеминов ЖАКтын өзүнүн ооруканасына барып дарыланып келгени менен жакшы болуп кеткен жок. Бүгүнкү күндө ден соолугу өтө начар болуп чочулап турганыбыз саясатчы Улукбек Маматаев болуп жатат. Ал азыр ооруканада, аны кайра оор операциядан кийин СИЗОго алып барса, оорусу күчөп кетиши мүмкүн».

Активист Улукбек Маматаев 15-мартта ден соолугу начарлап, шаардын клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. Анын өтүнөн диаметри 3 сантиметр болгон таш алынган. Учурда ооруканада дарыланууда.

Мыйзам боюнча жабык жайда иштегендердин жана абактагылардын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттин түздөн-түз милдети болуп саналат. Мындай шарттагы жарандар ооруп калган учурда токтоосуз медициналык жардам алышы керек. Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматында атайын оорукана жок. №47 колония оорукана деп айтылганы менен ал жер эркектер үчүн гана болуп, аялдар барышпайт.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбековдун айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар ден соолугуна байланыштуу аталган борборго бир канча жолу кайрылышкан.

«Бизге кайрылуу түшпөстөн эле ММКларга, соцтармактарга чыккан маалыматтардан улам барып кабар алып жаттык. Ал боюнча биз өз мандатыбызга жараша аракетибизди кылып жатабыз.Кайрылууларды кетирип жатабыз, баары көзөмөлдө».

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков жана Талантбек Эшалиев үй камагына чыгарылган. Дагы төртөөнө операция жасалып, кайра абакка кайтарылган. Учурда дагы төртөөнүн ооруканага жатышы керектиги айтылууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын көпчүлүгүнүн камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM