Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар боюнча изилдөө өткөрөт

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 370 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги ушул жылдын май айында жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрөт. Жугуштуу эмес оорулар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Жугуштуу эмес оорулардын IV тобу: жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети оорусу майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат жана республикадагы мезгилсиз өлүмдүн бардык учурларынын 80%ын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда.

Негизги тобокелдик факторлору – тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу ж.б.

STEPS изилдөөсү программалык иш-чараларды пландаштыруу жана өлкөдө жугуштуу эмес ооруларды азайтуу саясатын пландаштыруу үчүн анын тобокелдик факторлорунун таралышын жана тенденцияларынын мониторингин изилдөөгө багытталган.

Республикадагы улуттук изилдөө 18 жаштан 69 жашка чейин 2800 адамды текшерип чыгат.

Изилдөө үч этаптан турат:

  • Жугуштуу эмес оорулар менен байланышкан жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорун баалоо үчүн катышуучуларды сурамжылоо;
  • Антропометриялык өлчөөлөрдү, жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн өлчөө жүргүзүү;
  • Кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өөлчө.

Сурамжылоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн топ тарабынан өткөрүлөт. Алар катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белдин айланасын, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үй чарбаларына барышат.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өлкөнүн саламаттыгын сактоого салым кошууга жана бул изилдөөгө катышууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM