Биз менен байланышыңыз

Айдоочулук боюнча эрежелерди жеңилдетүү каралууда

Коом | 11 Апр 2023 | 600 | 0

Айдоочуларга карата кабыл алынган жаңы эрежелерди жеңилдетүү каралууда. Бул боюнча Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сунуштады. 8-мартта күчүнө кирген эрежелерге ылайык, айдоочу бир айдын ичинде жол эрежесин бузганы үчүн 3 миң сом айып төлөбөсө, унаасы айып короого токтотулат. Маматалиев жаңы эрежелер айдоочулар үчүн бир топ катаал болуп жатканын билдирди. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө айып пул топтомун 8 миң сомго көбөйтүп, андан ашкан учурда гана унааны айып короосуна токтотуу каралууда. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду. 

«Кабылан» такси айдоочулар кесиптик биримдигинин төрагасы Уланбек Чолпонбаев айдоочулар үчүн жол эрежелерине жеңилдиктерди киргизүү керектигин айтты.

«Биз да жаңы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү буга чейин караганбыз. Жогорку Кеңешке кайрылып, биз тарапка чечип берүүсүн сунуштаганбыз. Кээде жол эрежесин билбестен бузуп алган учурлар болот. Ошондуктан 3 миң сомго аябай кабатыр болгонбуз. Коопсуздук жагына да маани беребиз. Кырсыктардын алдын алуу үчүн жана аларды болтурбоо үчүн айып пул салганды да туура деп эсептейбиз».

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да айдоочулук боюнча жаңы эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Өзүнө көптөгөн жарандар кайрылганын айтат ал.

Ал 8-мартта иштеп баштаган мыйзамда айдоочу бир айдын ичинде 3 миң сом айып пул төлөбөсө, унаасын айып короого токтотуу туура эмес экенин белгиледи. Эл өкүлү жаңы мыйзамга айдоочулар үчүн жеңилдиктерди киргизүү керектигин айтат.

«Азыр жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Анын ичине да бир нече өзгөртүү кирип кетти. Мисалы, бир айдын ичинде айып пулду өз убагында төлөбөсө, анда алып барып айып короосуна токтотуп коюшат. Убагында төлөй албай калган жаран болсо, унаасын дароо эле айып короого алып барып токтотуп коюу туура эмес. Биз бул сумманы 8 миңге чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Эгер 8 миңден ашып, убагында төлөнбөсө, анда алып барып токтотсо болот».

Мындан сырткары депутат кайталап эреже бузган айдоочуга карата төмөндөгүдөй сунуш киргизип жатканын айтты.

«Жылына үч жолу жол эрежесин бузсаң, кайра башынан экзамен тапшырасың. Бул да туура эмес. Мисалы, бир жаран Бишкектен Ысык-Көлгө барса, жолдон көп эле жолу кокустан эреже бузуп алышы мүмкүн. 40 км деген көрсөткүчтөн 51-52 менен өтүп кетти дейли. Мындай учурдан кийин да кайра экзамен тапшырышы керек болуп калат. Бул да айдоочулар үчүн кыйынчылык жаратат. Бул жерде жөнөкөй эл гана кыйналып калат. Коррупциянын күчөшүнө да себеп болушу мүмкүн. Биз муну да өзгөртүп жатабыз. Мисалы бир жылда үч жолу эмес, жети жолу катталса, кайра тапшырууну сунуштап жатабыз».

Жаңы эрежелерди камтыган мыйзамга ылайык, мас айдоочу ичимдик ичкенин текшертүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоого укугу жок жаран 5 суткага камакка алынат. Ошондой эле спирт ичимдигин ичкени аныкталган учурда бир жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат.

Мас болуп унаа айдагандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүнөн ажыратылат. Ал эми айдоочулук укугу жок рулга отурган мас жарандарга 15 000 өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары алар үч суткага камакка алынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы мындай өзгөртүүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилип жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM