Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Райондук милициянын жетекчилери ротацияланды

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 284 | 0

Ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу максатында бир катар райондук милициянын жетекчилери ротацияланды.

Министр Улан Ниязбековдун буйругу менен,

  • полковник Айбек Акматов Манас РИИБдин жетекчилигинен Ак-Талаа РИИБдин жетекчилигине;
  • полковник Майрамбек Калманбетов Кара-Буура РИИБдин жетекчилигинен Талас РИИБдин жетекчилигине;
  • полковник Нурбек Калыкеев Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигинен Токтогул РИИБдин жетекчилигине;
  • полковник Азенбек Козукеев Ала-Бука РИИБдин жетекчилигинен Талас ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басарлыгына;
  • полковник Мелис Мырсалиев ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлигинен Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигине;
  • полковник Мирлан Осмоналиев Ак-Талаа РИИБдин жетекчилигинен ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчылыгына;
  •  полковник Эрнис Сатаров Токтогул РИИБдин жетекчилигинен Ала-Бука РИИБдин жетекчилигине;
  • подполковник Данияр Жумагулов ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук кызматкерлигинен Талас РИИБдин жетекчилигине;
  • подполковник Жанышбек Токторбаев Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жетекчилигинен Манас РИИБдин жетекчилигине;
  • подполковник Алмазбек Төлөбеков Талас ОИИБдин жетекчисинин орун басарлыгынан Кара-Буура РИИБдин жетекчилигине;
  •   майор Чыңгыз Абылгазиев Талас РИИБдин жетекчисинин орун басарлыгынан Талас ШИИБдин жетекчисинин орун басарлыгына;
  • майор Бакыт Султангазиев Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык милициясынын жетекчилигинен Токмок ШИИБдин жетекчисинин орун басарлыгына кызмат которушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM