Ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу максатында бир катар райондук милициянын жетекчилери ротацияланды.
Министр Улан Ниязбековдун буйругу менен,
- полковник Айбек Акматов Манас РИИБдин жетекчилигинен Ак-Талаа РИИБдин жетекчилигине;
- полковник Майрамбек Калманбетов Кара-Буура РИИБдин жетекчилигинен Талас РИИБдин жетекчилигине;
- полковник Нурбек Калыкеев Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигинен Токтогул РИИБдин жетекчилигине;
- полковник Азенбек Козукеев Ала-Бука РИИБдин жетекчилигинен Талас ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басарлыгына;
- полковник Мелис Мырсалиев ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлигинен Ысык-Ата РИИБдин жетекчилигине;
- полковник Мирлан Осмоналиев Ак-Талаа РИИБдин жетекчилигинен ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчылыгына;
- полковник Эрнис Сатаров Токтогул РИИБдин жетекчилигинен Ала-Бука РИИБдин жетекчилигине;
- подполковник Данияр Жумагулов ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук кызматкерлигинен Талас РИИБдин жетекчилигине;
- подполковник Жанышбек Токторбаев Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жетекчилигинен Манас РИИБдин жетекчилигине;
- подполковник Алмазбек Төлөбеков Талас ОИИБдин жетекчисинин орун басарлыгынан Кара-Буура РИИБдин жетекчилигине;
- майор Чыңгыз Абылгазиев Талас РИИБдин жетекчисинин орун басарлыгынан Талас ШИИБдин жетекчисинин орун басарлыгына;
- майор Бакыт Султангазиев Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык милициясынын жетекчилигинен Токмок ШИИБдин жетекчисинин орун басарлыгына кызмат которушту.