Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусия аба чабуулунан биргелешип коргонот

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 581 | 0

Орусия өкмөтү Мамлекеттик Думада жана Федералдык Кеңеште ратификациядан өткөртүү үчүн «Аба чабуулунан коргонуунун биргелешкен аймактык системасын түзүү жөнүндө» кыргыз-орус макулдашуусун президент Владимир Путинге жөнөттү. Ал боюнча тиешелүү токтом Орусия Өкмөтүнүн укуктук маалымат порталына жарыяланды.

Кыргызстан менен Орусия бул келишимге 2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол койгон. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Орусиянын аба чабуулунан коргонуу системасын жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарап 5 гектар жер бөлүп берүүгө тийиш.

КМШга мүчө мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуунун биргелешкен системасы 1995-жылы февраль айында түзүлгөн. Шериктештикке кирген Азербайжан менен Молдовадан башка бардык мамлекет бул системага кошулган.

Учурда бул системага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан активдүү катышып келет.

Copyright © 2017 Maral FM