Биз менен байланышыңыз

Microsoft компаниясы Казакстанда мультиаймактык хаб ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 331 | 0

АКШнын Microsoft компаниясы Казакстанда мультиаймактык хаб ачат. Бул Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин менен Microsoftтун Казакстандагы башкы директору Сергей Лещенконун жолугушуусунда макулдашылганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Хаб Борбор Азиядан тышкары Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдө ишмердигин жүргүзөт.

Багдат Мусин Microsoft хабынын Казакстанга жайгашуусу өлкөнү технологиялык өнүгүүнүн жана инновациянын борборуна айлантарын белгилеп, «Муну менен гана чектелбестен, технологиялык тармактардын продукциясын өндүрүп, экспорттоону турукташтыруу улуттук экономиканын негизги күчү болот», — деген.

Ал эми Сергей Лещенко Microsoft хабын түзүү үчүн Казакстанда бардык шарт бар экенин, бул компаниянын иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк болорун билдирген.

2022-жылдын сентябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Microsoft корпорациясынын Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча башкы директору Мишель Симмонс менен жолугушкан. Анда Казакстандын кеңсесин аймактык хабга чейин кеңейтүү жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM