Биз менен байланышыңыз

Астана: Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыска кабар | 10 Апр 2023 | 685 | 0

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында индиялык Сумит аттуу балбанды 10:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта калтырып, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чундуну жеңди.

Азия чемпионатында ошондой эле Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы апрель айында Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль жеңген. Муну менен ал Азиянын эки жолку чемпиону болду.

Copyright © 2017 Maral FM