Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө бир канча айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө

Кыска кабар | 9 Апр 2023 | 254 | 0

Бүгүн Кыргызстандын 14 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Шайлоо Ош, Баткен, Чүй, Талас жана Нарын аймактарында өтөт. Буга байланыштуу шайлоо тилкелерине 53 комиссия түзүлдү.

Маалыматка ылайык, добуш берүү эртең менен саат 8:00дө башталган. 72 миңден ашык шайлоочу бар. Добуш берүү кечки 20:00гө чейин уланат.

8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга берилет.

Боршайком билдиргендей, Кыргызстанда бул шайлоодо алгачкы жолу электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM