Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыянын мэриясы 6 млн евролук иштен бир топ акча өөнөп алган

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 298 | 0

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жана «Суу-канал» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы атайын иликтөө жүргүзүп, Кызыл-Кыя шаарынын суу түтүктөрүн жаңылоодо кызмат абалынан кыянат пайдаланган иштерди аныкташкан.

2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кызыл-Кыя шаарындагы суу түтүктөрдү жаңылоо, шаарга таза киргизүү үчүн 6 млн евро бөлгөн.

Анын негизинде жасалган иштер өтө сапатсыз жүргүзүлгөнү, айрым иштердин кызмат акысы ашыкча бааланып жазылганы тастыкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү менен иш козголду. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, мамлекет тарткан зыяндын так суммасын тактоо иштери, ошондой эле тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM