Биз менен байланышыңыз

Миңден ашуун адамга 100 миң сомдон «социалдык жардам» берилди

Кыска кабар | 8 Апр 2023 | 359 | 0

«Социалдык контракт» долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы айрым райондордун тургундарына 100 миң сомдон жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан бул долбоордун максаты колунда жок үй-бүлөлөргө иш таап берүү, жакырчылыктан чыгаруу болуп саналат. Анын негизинде жер-жерлерде атайын комиссия түзүлүп, муктаж үй-бүлөлөрдү тандап алат. Андан соң алар үч айлык окуу курстарынан өткөрүлөт.

Ушундай окуу курстарынан өтүп, өз алдынча ишкерлик баштоо үчүн жардам алуу тизмесине Аксы районунан 342 үй-бүлө, Ноокат районунан 327 үй-бүлө, Алай районунан 272 үй-бүлө, Чоң-Алай районунан 150 үй-бүлө, Кадамжай районунан 143 үй-бүлө, Чаткал районунан 110 үй-бүлө, Кара-Кулжа районунан 69 үй-бүлө, Кызыл-Кыя шаарынан 50 үй-бүлө кирген.

Copyright © 2017 Maral FM