Биз менен байланышыңыз

Алимент төлөбөгөндөрдү камакка алууга жол ачылат

Коом | 6 Апр 2023 | 991 | 0

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында «Балдарга алимент өндүрүүнүн эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мындан сырткары Сот департаменти «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске «алимент төлөбөгөндөрдү беш күнгө камакка алуу» ченемин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева сунуштаган. Анын айтымында, долбоор Кыргызстандын башка мамлекеттер менен балдарга алимент өндүрүүнүн эл аралык тартиби, үй-бүлө багуунун башка формалары жана мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу маселелери боюнча кызматташтыгын жакшыртууга багытталган.

«Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылчылыгы Америкада жашаган карызкор жарандардан алимент өндүрүп берүү маселесин чечүү үчүн Кыргызстандын жарандарына көмөк көрсөтүүгө шартталган. Бул маселеде чет өлкөдө алимент өндүрүү жөнүндө конвенцияны колдонуп, АКШнын ыйгарым укуктуу органдарынан жардам сурап кайрылганбыз. Бирок Америка Кыргызстан «балдарга алимент өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлө багуунун башка формалары жөнүндө» конвенцияга кошулбагандыктан, алимент боюнча соттук актыларды аткарууга көмөк көрсөтүүдөн баш тарткан».

Кыргызстан чет өлкөдө алимент өндүрүү жөнүндө конвенцияларга катышпайт. Өнүккөн өлкөлөр, анын ичинде Германия, Франция, Америка, Израиль сыяктуу мамлекеттер менен жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам жөнүндө эки тараптуу келишимдерге ээ эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков аталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, Кыргызстан Гаага конвенциясына кошулуу зарылдыгын белгиледи.

«Аталган мыйзам долбоору бизге сөзсүз керек. Мына азыр карап көрсөк, дүйнөнүн төрт бурчунда, 100дөн ашуун өлкөдө биздин улан-кыздарыбыз жүрөт.Чет элдик жарандарга турмушка чыгып ажырашкан кыздар да жок эмес. Бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, биздин жарандарыбызга көп пайдасы тиет деп ойлойм».

Муну менен катар Сот департаменти «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске «алимент төлөбөгөндөрдү беш күнгө камакка алуу» ченемин кайтарып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчи орун басары Кубат Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгында 511 адам алимент төлөбөгөн деп табылса, дагы 616 адамга издөө жарыяланган.

«Көйгөй абдан курч бойдон турат. Эгерде жаран иштебесе жана мүлкү жок болсо, биз эч нерсе өндүрө албайбыз. Мурда административдик кодекс боюнча (азыр укук бузуулар жөнүндө кодекс) адамды беш күнгө камакка алса болот эле. Биз парламентке бул норманы кайтарып берүүнү сунуштайбыз. Себеби жыл сайын төлөбөгөндөрдүн саны өсүүдө». 

Депутат Эрулан Кокулов алимент төлөбөгөндөргө карата чараларды дагы да күчөтүү керек деген пикирде.

«Алимент төлөбөгөндөрдү камакка алуу жөнүндө мыйзам долбоорунда кайталап мыйзам бузууну да эске алуу керек. Биринчи жолу беш күнгө камакка алынган болсо, экинчи жолу он күнгө болсун. Ажырашуулардын саны көбөйүүдө. Ал эми аларды коомдук иштерге тартып, анын төлөмүн карызы болгон алимент алуучуга өткөрүп берсе болобу?»

Кубат Черикчиев алимент төлөбөгөндөр коомдук ишке ансыз тартылып жатканын, бирок алардын эмгеги төлөнбөсүн айтты.

Айыл жергесинде ажырашкан кыз-келиндердин алимент тууралуу маалыматынын жетишсиздиги негизги көйгөй. Алар көпчүлүк учурда алимент өндүрүүнүн жол-жобосун билбегендиктен, юристтин кеңешине муктаж.

Юридикалык жардам кызматынын басма сөз катчысы Нурсултан Насырканов өткөн айда алимент өндүрүү боюнча 100дөн ашуун кайрылуу келип түшкөнүн маалымдады.

«Алимент өндүрүү боюнча өткөн айда 134 кайрылуу келип түшкөн. Бул жаатта «114» шыр байланыш номери аркылуу, «Тилектештик» автобусу аркылуу да көп кайрылуулар келип түшөт. Негизги көйгөй катары ажырашкан жубайлар баласы энеси менен калса, атасы алимент төлөбөй койгон учурлар болот. Биз ар бир кайрылган жаранга жеке жана акысыз консультация берип, маселесин чечүүгө көмөк көрсөтөбүз».

Өлкөдө алимент төлөөгө милдеттүү ата-энелердин 92%ы аталар болсо, 8%ы энелер. Ал эми өлкөдө жылына 10 миңдей үй-бүлө ажырашат. Анда көпчүлүк учурда балдар энелери менен калып, алимент өндүрүүгө муктаж аялдардын катары жылдан-жылга өсүп барат.

Copyright © 2017 Maral FM