Биз менен байланышыңыз

Баткенде жабыркаган ишкерлерге бюджеттен 90,3 млн сом насыя берилет

Кыска кабар | 6 Апр 2023 | 247 | 0

Баткенде жабыркаган ишкерлерге быйыл насыя берүүгө республикалык бюджеттен 90,3 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин кызматкерлери Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган ишкер менен иш жүргүзүп, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишкен.

Учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.

2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстанга куралдуу кол салып, Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставалары жана калктуу конуштары жабыркаган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, коомдук имараттар талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM