Биз менен байланышыңыз

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталды

Билим-маданият , Коом | 4 Апр 2023 | 1113 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу министрликтин укуктук камсыздоо жана укуктук актыларды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов маалымат жыйында кабарлады. Буга жаатта мыйзам долбоор жазылып, коомдук талкууга коюлган. Ал окуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатын көздөйт. Мыйзам долбоору колдоо тапса, мектепте акча чогултууну жоюуга канчалык жардам берет? Министрлик мыйзамдын иштешин кантип көзөмөлдөйт?

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде, бала бакчаларда акча чогултууга тыюу салуу боюнча мыйзам жазып, анын долбоору коомдук талкууга коюлган. Талкуудагы долбоордо ата-энелерден акча сураган мугалимдерге 20 миң сом айып салуу каралган.

Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана укуктук актыларды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов мектептерде ата-энелерден милдеттүү түрдө акча чогултулбашы керектигин белгиледи.

Эгер акча алып келбегени үчүн окуучуну сабактан чыгарып койгон сыяктуу учур катталса, ата-энелер укук коргоо органдарына арыз менен кайрыла алышат.

«Мектеп жетекчилери, педагогдор, коомдук фонддор жана коммерциялык уюмдар тарабынан мыйзамсыз акча жыйноо же окуучулар менен ата-энелерине моралдык-психикалык басым жасоо учурлары каралууда. Педагогдор акча бербеген окуучулар менен ата-энелерди басынткан окуялар көп кездешет. Бул учурда ата-энелер да өз укуктарын билиши керек. Мектептерде атайын акча чогултуучу фонддун өкүлдөрү гана ата-энелер менен түз иштеши керек. Эгер ата-эне ошол фондго акча төлөйм десе, ыктыярдуу түрдө берсе болот. Бирок мугалим, директорлордун акча талап кылууга укугу жок. Балага басым жасабашы керек».

Министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Акматов мыйзам күчүнө киргенден тарта мектептерде акча чогултуу токтойт деп ишендирди.

Ошондой эле ал мектептерде көзөмөл күчөтүлөрүн белгиледи.

«Биринчиден, катуу көзөмөлгө алынат. Буга чейин деле министрлик билим берүү мекемелериндеги мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарган. Аны көзөмөлдөө райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине милдеттендирилген. Буйрукта мугалимдердин мыйзамсыз акча чогултканы далилденсе, ээлеген кызматынан бошотулары көрсөтүлгөн. Эми бул мыйзам долбоору кабыл алынса, мыйзамсыз акча чогултуу токтойт».

Ата-энелерден акча чогултуу фактысы мектептерде эле эмес, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да катталып келет. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, буга чейин тыюу салынганы менен «ыктыярдуу мажбурлоо» жолу аркылуу ата-энелерден акча талап кылынган учурлар болуп келген.

Ал азыркы кезде бала бакчаларда атайын «Ченемдик каржылоо» долбоорунун негизинде каржылоо жүргүзүлөрүн айтты.

«Учурда «Ченемдик каржылоо» долбоорун иштеп чыктык. Анын алкагында ким канча каржылай турганы так көрсөтүлөт. Билим берүү министрлиги тарабынан эмгек акылары төлөнөт. Бул Бишкек шаарынан башка аймактарда болот. Себеби Бишкекте мэрия төлөйт. Ал эми жергиликтүү органдар бала бакчанын өнүгүшүн, оңдоп-түзөө иштерин, инфраструктурасын каржылайт. Ата-энелер жүз пайыз балдардын тамак-ашын каржылайт».

Мындан сырткары министрлик билдиргендей, акча чогултуулар «ыктыярдуу мажбурлоо» түрүндө эмес, тек гана ыктыярдуу түрдө болушу керек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров министр Каныбек Иманалиев менен жолугуп, «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон. Жапаровдун айтымында, мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Ал эми мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыга элек.

Copyright © 2017 Maral FM