Биз менен байланышыңыз

Шайлоого катышууга төртүнчү талапкер арызын берди

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 1408 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майда өтүүчү № 26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкер Актилек Нурланбеков бүгүн, 4-апрелде арыз бергенин билдирди.

№ 26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул жылдын 27-апрелинде аяктайт.

Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу өзүн-өзү көрсөтүү же партиядан сунуштоо тартибинде жүргүзүлөт. Учурда БШКга арыз бергендердин төртөө тең өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен каттоодон өтүштү.

№ 26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

Аталган округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн тизмеси:

Талапкердин ФАА

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Булекбаев Эркин

Касымович

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 31-марты

2

3

Кунакунов Максат Касымжанович

Арзыкулов Марат Замирбекович

Өзүн-өзү көрсөтүү

Өзүн-өзү көрсөтүү

2023-ж. 3- апрели

2023-ж. 3- апрели

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM