Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майда өтүүчү № 26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкер Актилек Нурланбеков бүгүн, 4-апрелде арыз бергенин билдирди.
№ 26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул жылдын 27-апрелинде аяктайт.
Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу өзүн-өзү көрсөтүү же партиядан сунуштоо тартибинде жүргүзүлөт. Учурда БШКга арыз бергендердин төртөө тең өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен каттоодон өтүштү.
№ 26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.
Аталган округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн тизмеси:
№ |
Талапкердин ФАА |
Көрсөтүү тиби |
Арыз тапшыруу датасы |
1 |
Булекбаев Эркин Касымович |
Өзүн-өзү көрсөтүү |
2023-ж. 31-марты |
2 3 |
Кунакунов Максат Касымжанович Арзыкулов Марат Замирбекович |
Өзүн-өзү көрсөтүү Өзүн-өзү көрсөтүү |
2023-ж. 3- апрели 2023-ж. 3- апрели |