Биз менен байланышыңыз

Президент: Шайлоого каттоо бүткөндөн кийин талапкерлер менен чогулуш өткөрөм

Кыска кабар | 4 Апр 2023 | 216 | 0

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Учурда Боршайкомдо талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Шайлоого байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агентигине кезектеги маегин берди.

Анда президент эч бир талапкерди кабыл албаганын жана алдыда да кабыл албай турганын, шайлоого эч ким кийлигишпесин айткан.

«Мурда президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине да жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз», — деп айткан президент.

Президент ошондой эле каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өткөрүү планы бар экенин маалымдаган.

Жапаров: «Чоң шайлоого кийлигишпей, эми ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем», — деген оюн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM