Биз менен байланышыңыз

Үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо акча албоо тапшырылды

Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 303 | 0

Президент Садыр Жапаров үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо дары-дармекке акча албоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы мамлекет башчысы кечээ,1-апрелде Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерди пландан тышкаркы текшерүү учурунда саламаттык сактоо министрине жана ооруканалардын жетекчилигине берди.

«Бүгүн бир катар ооруканаларга күтүүсүз барып текшерүүсүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды», — деп билдирди Султанбаев.

Кечээ, 1-апрелде президент Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM