Биз менен байланышыңыз

БШКга Ленин округу боюнча шайлоого талапкерден биринчи арыз түштү

Кыска кабар | 1 Апр 2023 | 628 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына 31-мартта 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкер катары Булекбаев Эркин Касымович өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт

Конституцияга ылайык, 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар Кыргызстандын жараны Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло алат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка талапкер болуу саясий партиялардан көрсөтүлүү жана өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу ишке ашат.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM