Биз менен байланышыңыз

Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 31 Мар 2023 | 243 | 0

Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка караганда, Мураталы Тагаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болуп өткөн жылдын март айында дайындалган.

Ал 2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылы «октябрь тополоңунан» кийин отставкага кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM