Биз менен байланышыңыз

Кургак учукту дарылоону жеңилдеткен электрондук кызмат

Ден соолук , Коом | 29 Мар 2023 | 1428 | 0

Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борбору «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында электрондук медициналык картаны ишке киргизди. Буга чейин бейтаптардын оору таржымалы кол менен толтурулуп келсе, эми электрондук түрдө толтурула баштады. Кызмат дарыгерлердин убактысын үнөмдөп, ишин жеңилдетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен уюштурулган бул долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) техникалык колдоосу астында башталган. Электрондук медициналык карта бейтаптарды дарылоодо кандай кызмат аткарат? 

Медайым Адина Каримова көп жылдан бери Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эмгектенип келет. Ал буга чейин борбордун ооруканасына катталган бейтаптардын оору таржымалын кол менен толтуруп келген. 2020-жылы ооруканага электрондук медициналык карта кызматы киргизилгенден тарта ал электрондук түрдө толтуруп келүүдө.

«Буга чейин кагаз менен иштеп келгенбиз. Ага биздин көп убактыбыз кетчү. Азыр электрондук медициналык карта менен үч мүнөттө таржымал ачылат. Буга чейин ар бир бейтапка жарым сааттай убакыт сарпталчу. Бул кызмат ишке киргенден бери биздин жумуш бир топ жеңилдеди. Бардык маалымат ушул системада сакталып калат. Кагаз да үнөмдөлдү».

Электрондук медициналык карта оорукананын ичиндеги медицина кызматкерлерин бири-бири менен онлайн байланыштырып, убакытты үнөмдөшүнө өбөлгө түздү. Буга чейин медкызматкерлер бири-бирине маалыматты кагаз түрүндө берип турушчу.

Рентгенолог Жумабек Кенжебаевдин айтымында, мурда рентгенге тартылган сүрөттү дарыгерге бейтап өзү алып барса, азыр электрондук картага түз жүктөлөт жана врач ал жерден кыска убакыттын ичинде көрө алат.

Ал эми лаборант Гүлпери Тухтарова анализдердин жыйынтыгы лабораториядан аныкталып, дароо электрондук медициналык картага жүктөлөрүн айтат. Ошондой эле ал карта санариптештирилгенден бери жумушта ката кеткен учурлар катталбай калганын белгиледи.

«Биз мурда анализдердин жыйынтыгын кагаз түрүндө каттайт элек. Кээде бир жолу жазылган жерге эки жолу жазып алып, убара болот элек. Азыр болсо анализдин жыйынтыгын бир эле жолу жүктөп коёбуз. Жыйынтык бизге да, врачтарга да көрүнөт. Бизге оңой болуп калды».

Фтизиатр Албина Сулайманова оорулуу тууралуу бардык маалымат электрондук медициналык картага түшөрүн белгилеп, дарылоо процесси кандай жүрүп жатканы күн сайын катталып турарын кошумчалады.

«Бейтап жөнүндө бардык маалымат автоматтык түрдө ушул медициналык картага келип түшөт. Оорулуунун дарты аныкталгандан кийин медайымдар карай баштайт. Бул электрондук карта менен иштөө жеңил. Кагаз көтөрүп бири-бирибизге барып отурбайбыз. Убакыт да, кагаз да үнөмдөлдү».

Электрондук медициналык картанын артыкчылыгы: кургак учук эрте аныкталат. Кургак учук дарылоо жана дарылоонун тынымсыз көзөмөлүн талап кылган дарт болгондуктан, эми медкызматкерлердин үнөмдөлгөн иш убактысы бейтаптарга багытталганын аталган оорукананын директору Рустамбек Козубаев билдирди.

«Бул электрондук медициналык картанын ишке киргени дарыгерлер үчүн ыңгайлуу болду. Мурда кагаз түрүндө иштеп келсек, азыр электрондук түрдө иштеп жатабыз. Ар бир бейтапка өзүнчө электрондук карта ачылат. Ошондой эле лабораторияга, кошумча изилдөөлөргө, бири-бирине байланыштуу болгону бизге жакшы болду. Мурда кагаз көтөрүп, лабораторияга, рентгенге чуркайт элек. Азыр ар бир мединица кызматкери жумуш ордунан эле керектүү маалыматтарды электрондук түрдө алып жатышат».

Мындан сырткары облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун консилиумунун ишин онлайн режимге өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми электрондук медициналык картанын жардамы менен райондук фтизиатрлар облустук борборго келбестен эле өз иш ордунан бейтаптардын оору таржымалын, лабораториялык анализдеринин жыйынтыктарын, рентген сүрөттөрүн көрө алышат.

«Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун максаты Кыргызстандагы кургак учук илдетин аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Анын алкагында 2021-жылы 6226 бейтап, 2022-жылдын төрт айында 1933 бейтап кургак учуктан сакайып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM