Биз менен байланышыңыз

Бишкекте менингит оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө

Ден соолук , Коом | 28 Мар 2023 | 1111 | 0

Бишкекте менингит инфекциясын жуктургандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка караганда жыл башынан бери шаар боюнча 14 бейтап кайрылса, анын ичинен экөө чарчап калган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде менингит оорусу башкалаада катталган эмес. Дарыгерлер бүгүнкү күндө менингитке чалдыккандардын басымдуусу 14 жашка чейинки балдар экенин айтышат.

Бишкек шаарында менингит оорусуна кабылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кабарлады.

Анын айтымында, жыл башынан бери менингит инфекциясынын 14 учуру аныкталып, оорусу күчөп кеткенде кайрылганына байланыштуу эки бала көз жумган.

«2022-жылдын январь айынан март айында чейин менингит инфекциясына чалдыккандар катталган эмес. Быйыл 14 бейтап кайрылды. Анын ичинен ону 14 жашка чейинки балдар болсо, төртөө андан жогорку курактагылар. Келгендерден 1,5 жаштагы наристенин жана 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактай албай калдык. Анын себеби: ата-энелер өз учурунда ооруканага кайрылган эмес. Эрте кайрылбаганы үчүн биздин медицина кызматкерлери толук жардам көрсөтө алышкан жок».

Менингит – мээнин жумшак чел кабыгынын сезгенүүсү. Ооруну бактериялар жана вирустар пайда кылат. Илдет организмде өз алдынча же башка бир оорунун таасири астында пайда болушу ыктымал.

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургунбаев оорунун мүнөзүнө жараша менингиттин бир канча түрү бар экенин белгиледи. Муну менен катар ал оору кандай жолдор менен жугары тууралуу айтып берди.

«Оорунун бир топ түрү бар. Алардын бири: ириңдүү менингит. Ал — баш мээнин чел кабыгынын оорудан улам ириңдеши. Ал эми ириңсиз менингитти вирустар козгойт. Оорулуунун чүчкүрүгү, жөтөлгөндөгү шилекейи, вирус түшкөн буюмдар аркылуу жугат. Бул жугуштуу оору болуп эсептелет. Айрыкча жаш балдардын арасында ооругандар көп кездешет. Эпидемиологиялык мүнөзгө ээ. Ар бир 12 жылда бир кайталанып турат оорунун күчөгөнү. Азыр мезгили келди окшойт. Быйыл балдар арасында ооругандар көбүрөөк катталып жатат. Бирок бул оору бир гана балдардын арасында эле эмес, чоңдордун арасында да көп ооручу дарт болуп эсептелет».

Невролог Асел Керимкулованын айтымында, илдеттин белгилери билинген учурда дароо ооруканага кайрылбаса, адам бир-эки күндө каза болуп калышы мүмкүн. Ал аталган оорунун белгилери тууралуу айтып, эгер адамда бул белгилер болсо, кечиктирбестен дарыгерге көрүнүүгө чакырды.

«Менингит мээнин чел кабыгына суук тийгенден болот. Бул ар кандай оорулардан келип чыгат. Мисалы вирустук инфекция, гайморит, кургак учук менен ооругандарда болушу мүмкүн. Кургак учуктук менингит менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Биринчи белгиси баш оору пайда болот. Токтобогон баш оору болот. Жүрөгү айланышы мүмкүн. Мындан сырткары эсин жоготушу мүмкүн. Температура болот. Оору күчөп кетсе, майып болуудан баштап өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө менингит оорусуна чалдыккандар үч эсе көбөйгөн.

Бейтаптардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Алардын 44 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Дарыгерлердин айтымында, борбор калаада оорунун көбөйүшү ар бир сегиз жылда байкалат.

Акыркы жолу 2014-2015-жылдары катталган. Бул инфекция кадимки сасык тумоо менен оңой чаташтырылгандыктан, дарыгерлер баарын сак болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM