Кыргызгдромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн 2…+7, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +22…+24 градус болот.