Биз менен байланышыңыз

Боомдогу өрт: курт-кумурскалардын уюгу, жандыктардын ийини, канаттуулардын уясы жабыркады

Коом | 27 Мар 2023 | 1094 | 0

Боом капчыгайындагы айылда эки күн катары менен чыккан өрт кандай зыян алып келгенин социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүүдө.

24-мартта жана 25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында өрт чыгып, жалпы 55 гектарга жакын аянтты каптаган. 

Тилсиз жоонун себептери жана анын табиятка тийгизген таасири тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.

Боом капчыгайында эки күн катары менен ири өрт чыкты. Биринчиси 24-мартта чыгып, 50 гектардан ашуун жерге жайылып кеткен. Кечки саат 21:30да өрт толук өчүрүлүп, кокустуктун алдын алуу максатында нөөмөттүк көзөмөл уюштурулган. Ушул эле күнү кечинде «Кербен-Сарай» кафесинин маңдайындагы 3 гектар талаа өрттөнгөн. Эртеси, 25-мартта да ошол эле Боом капчыгайында өрт чыгып, беш унаа менен барган атайын топ көп жерге жайылтпай, өчүргөнгө жетишкен. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Өрт өчүрүү башкармалыгынын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев кырсык учурунда көрүлгөн аракеттер боюнча маалымат берди:

«Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1, Тоң райондук №38 ӨКБдан 1, жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана 44 куткаруучу тартылган. Ошондой эле аймактагы өрт кырсыгын көзөмөлдөө максатында ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу атайы унаа менен иш алып барган. Мындан сырткары 3 авариялык куткаруу унаасы, 3 мотопомпа, токой чарбасынан 30 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 33 адам, Тоң райондук РИИБден 22 кызматкер, Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 38 кызматкер, жалпы 140 адам өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүшкөн. 25-мартта ошол эле аймакта кайра тутануу болуп өрт чыккан. Кечки саат 17:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Азыркы тапта өрттүн чыгып келүү себеби такталууда». 

24-марттагы кырсыктан 5 гектар талаа жабыркап, 2 сарайдын, бир үйдүн дубалына өрт жабылган. Бактыга жараша, адамдар кырсыкка кабылган эмес.

Ушул эле күнү саат 21:30да өрт өчүрүлүп, бирок кайрадан күйүп кетүү коркунучу бар болгондуктан жеринде 3 күжүрмөн эсеп менен өрт өчүрүүчүлөр түнкү нөөмөттө турушкан.

Эколог Анара Султангазиева өрттүн табиятка жана адамзатка тийгизе турган терс таасирлери боюнча буларга токтолду:

«Бак-дарактын өрттөнүп кеткени чоң жоготуу болуп эсептелет. Анын ордун сөзсүз толуктоо зарыл, буга бир нече жыл кетет. Ал эми экинчи зыяны: түтүндөн улам асманга уулуу заттар чачырады. Бул табигатка жана адамдын жашоосуна зыянын тийгизет. Үчүнчүдөн, ошол жердеги курт-кумурскалардын уюгу, жандыктардын ийини, канаттуулардын уясы жабыркады. Ал да жаратылышка бир топ зыянын тийгизип койду».

Дагы бир эколог Мирлан Дылдаев мындай жердеги өрттүн чыгышына таасир эте турган факторлорду айтып, өрттөн айрыкча жан-жаныбарлар көп жабыркай турганын белгиледи.

«Негизинен, өрт кургакчылыкта, күн ысып кеткенде, жамгыр жаабай калганда чыгат. Буга табигый жана адамдык фактор таасир этет. Биринчиси, күн күркүрөп, чагылган түшкөндө чыгат. Экинчиси, тамекини, очокту өчүрбөй кеткенде, таштандыны же башка нерсени өрттөгөндө болот».

Социалдык тармактарда Боом капчыгайындагы өрттүн сүрөт, видеолору жарыяланып, «кимдир бирөөлөр куурайды, куураган бутактарды өрттөп, өчүрбөй кетиши мүмкүн» деген болжомолдор айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин аныктоо максатында атайын комиссия түзгөн. Ага жараша чыгымдын өлчөмү да белгиленет.

Тоң районундагы Көк-Мойнок-1, Көк-Мойнок-2 айылдары Боом капчыгайында, Бишкек — Балыкчы жолунун боюнда жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM