Connect with us

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 205 | 0

26-мартта Түркмөнстанда мажилис депутаттарын (парламент), мындан тышкары облус, район, шаардык кеңештин өкүлдөрүн шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00гө карата шайлоочулардын 91,12% добуш берди.

Ошол эле маалда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары шайлоо тилкелерине өтө көп киши келбегенин билдиришти. Шайлоочулар шайлоо тилкелеринин жооптуу адамдарынын уруксаты менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан да бюллетендерди толтурушканы белгиленүүдө.

Депутаттыкка талапкерлерди Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясы, Агрардык партия жана жарандык демилгечил топтор көрсөттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү Халк маслихатына 2516 талапкер, жергиликтүү кеңештерге 12098 талапкер катталган.

2020-жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен Түркмөнстан парламенти эки палаталуу системага өткөн. Жогорку палатасы Халк маслихаты деп аталат. 2021-жылы биринчи жолу парламенттин жогорку палатасына шайлоо өтүп, Гурбангулы Бердымухамедов Конституцияны бузуп, палатанын мүчөсү, андан соң анын төрагасы болуп алган.

Бирок быйыл январда Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен парламент кайрадан бир палаталуу болуп өзгөрүп, Халк маслихаты мурдагы президенттин жетекчилиги алдында бийликтин эң жогорку органы болуп калган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM