Биз менен байланышыңыз

Президент аскер бөлүктөрүн пландан тышкары барып текшерди

Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 237 | 0

Президент Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ошондой эле президент аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыккан.

Маалыматка ылайык, 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Президент Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртууну тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM