Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 239 | 0

Бүгүн, 26-мартта Түркмөнстанда Межлистин депутаттарын, облустардын, райондордун, шаарлардын эл кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Жалпысынан республика боюнча добуш берүү үчүн 2644 шайлоо участогу түзүлгөн, дагы 42си Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдуктарында уюштурулган. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык добуш берүүгө катышуу босогосу жок.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Межлиске шайлоого Демократиялык партия, Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясы, Агрардык партия, ошондой эле жарандардын демилгелүү топтору катышат.

Добуш берүү саат 19:00гө чейин уланат. Жарандар катталган 258 талапкердин ичинен 125 депутатты шайлашат. Түркмөнстанда 3,5 миллионго жакын шайлоочу, 13,1 миңге жакыны чет өлкөлөрдө катталган.

2021-жылы Түркмөнстанда эки палаталуу парламент түзүлгөн, бирок 2023-жылдын январында өлкө бир палаталуу парламентке кайтып келген. Акыркы шайлоо 2018-жылы өткөн.

Мурдагы советтик республиканы 16 жылдан бери Бердымухамедовдордун үй-бүлөсү башкарып келет. 2022-жылдын март айында узак мөөнөттүү мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов бийлик тизгинин уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берген, бирок саясий аренадан кеткен эмес. Январда ал 2021-жылы өзү түзгөн парламенттин жогорку палатасын жоюуга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM