Биз менен байланышыңыз

«Акаевди кечирүү менен «Жоогазын ыңкылабынын» мааниси жоголбошу керек»

Коом , Күн чекит , Саясат | 24 Мар 2023 | 5856 | 0

Бүгүн «Жоогазын ыңкылабына» 18 жыл толду. 2005-жылдын дал ушул күнүндө толкуган эл 15 жыл такта отурган Аскар Акаевдин режимине каршы чыгып, президентти өлкөдөн кууп чыккан. Ыңкылаптын арты менен президенттик кызматка келген Бакиевдин жарлыгынын негизинде 2008-жылдан бери «24-март — Элдик революция күнү» катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Жогорку Кеңеш бул күндү расмий белгилөөнү токтоткон токтом кабыл алган. Мындан туура он сегиз жыл мурун болгон «Жоогазын ыңкылабы» өз максатына жеткенби? Мурдагы президент Аскар Акаевдин акталышы бул окуяга саясий боёк коштубу? Бул суроолордун жообун ошол төңкөрүшкө күбө болгон инсандар менен биргеликте издейбиз.   

«Жоогазын ыңкылабынын» катышуучусу, коомдук ишмер Досбол Нур уулу ал күндү демократияга карай ташталган кадам катары эстейт. Ошондой эле ал көтөрүлүшкө чыккан элдин үнү, койгон талаптары аткарылбаганын кошумчалады.

«2005-жылдагы революция — демократияга жол ачкан күн. Бийликтегилер Аскар Акаевдин кетирген кемчиликтеринен бүгүнкү күнгө чейин сабак алган жок. Ошол кезде айтылган талаптардын бирөө да ишке ашкан жок. Жок дегенде 50%ы ишке ашканда, мамлекеттин саясий-социалдык абалы, билим деңгээли башкача болмок. Ишке ашпай калганы элди кийинки революцияга түрттү. Бүгүнкү күндө тамырлап кеткен коррупцияны түптөөнүн, кадрларды туура эмес тандоонун ана башында Акаев турат».

«Жоогазын ыңкылабынын» дагы бир катышуучусу, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова 18 жыл мурдагы ушул күн бир тараптан кубаныч, экинчи тараптан коркунуч болгонун эскерди. Болжурованын айтымында, көтөрүлүштөн кийинки натыйжаны бир тараптуу кароо туура эмес, жакшы жыйынтыктары, аткарылган иштер да болгон.

«Ал революция тарых катарында каралып калды. Биз ошол күнү оптимизм менен «Кыргызстандын келечеги оңолот экен, жаңы цивилизациялык жолго түшөт экен» деп кубанганбыз. Бирок ошону менен катар коркунуч болгон. Себеби андан эки күн мурун «Жоогазын ыңкылабынын» башындагыларды камакка алабыз же Жалал-Абаддагы психологиялык ооруканага жеткиребиз» деген идея болгон. Бизди эл колдоп, жеңишке жеткенбиз. Натыйжасын бир тараптуу эле карабоо керек. Билим берүү тармагында иштеген адам катары айтсам, бул жаатта жакшы эле иштер аткарылды. Мисалы, мугалимдин статусу боюнча стажды төлөп берүү керек болчу, он жылдап алалбай жүргөн мугалимдер алып, аброю көтөрүлгөн. Бизнес өнүгүп, инвесторлор келе баштаган».

Саясат таануучу Эмил Жороев бул дата маанилүү экенин, бул күндү унутуу Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү жазууну чийип салууга тете болорун айтат.

«Бул күндү эч качан унутпай, жыл сайын 24-март күнү эле эмес, ар дайым анализдеп, иликтеп туруу керек. Ошол учурда кантип, кандай жол менен 24-мартка жеткенибизди карап, Кыргызстандын өнүгүүсүндө кандай жетишкендиктер жана өксүктөр бар экенин билсек болот. Бул дата унутулбашы керек, эгер унутулса, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бир баракты жоготкон болобуз».

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, Кыргызстандын тарыхында 24-марттын орду чоң. Аскар Акаевди кечирүү менен бул тарыхый күн унутулуп калбашы керек. «Жоогазын ыңкылабын» эскерүүнүн артында кийинки бийликке келе тургандар сабак алып турушу керек.

«2005-жылдын 24-марты — тарыхта орду чоң бир дата. Акаевдин үй-бүлөлүк коррупция системасынын урашына себеп болгон. Акаевди кечирүү менен «жоогазын ыңкылабынын» мааниси бөксөрүп калбашы керек. Акаев коррупциялык системаны түздү, «Кумтөрдү» чет өлкөгө берди, өлкөдөгү өндүрүштү талкалады. Бул нерселер Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө тоскоолдугун тийгизди. Элдик нааразычылыкты тарыхта да ар дайым эстешибиз керек. Ошону менен катар Акаевдин үй-бүлөлүк коррупциялык башкаруусун ар дайым эскерип, келечекте бийликке келе тургандарга сабак болуусу зарыл». 

Copyright © 2017 Maral FM