Биз менен байланышыңыз

Балдардын акылына доо кетирген маалымат тараткандарга айып пул салынат

Коом | 23 Мар 2023 | 446 | 0

Өлкөдө балдардын психикасына доо кетирген маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу сунушталды. Бул боюнча депутат Жамиля Исаева айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Ага ылайык, туура эмес жүрүм-турумду актоо, балдарды суицидге же алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган башка аракеттерге үндөгөн маалыматтарды таратууга бөгөт коюлат. Ал эми мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылып, 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып пул төлөшөт. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзамдын иштешин мамлекет жалгыз көзөмөлдөй алабы? Эмнелерди эске алуу керек?

Кыргызстанда жашы жете электердин өмүрүнө коркунуч келтирген маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анын алкагында төмөндөгүдөй маалыматтарды таратканы үчүн айып пул салуу сунушталууда:

  • балдарды суицидге же өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туудурган башка аракеттерге үндөсө;
  • балдарды баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, тамеки чегүүгө, ичкилик ичүүгө, кумар оюндарына катышууга, сойкулукка, селсаяктыкка үндөсө;
  • зомбулукту же ырайымсыздыкты актаса, адамдарга же жаныбарларга карата зомбулукка үндөсө;
  • үй-бүлөлүк баалуулуктарды четке кагып, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди» жайылтса жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүнө карата сыйлабастыкты калыптандырса;
  • дагы башка ушул сыяктуу маалыматтар.

Адвокат Бексултан Осмонов мыйзам бузган массалык маалымат каражаттарын жоопко тартуу мүмкүн экенин, бирок социалдык тармактарда мындай мүнөздөгү маалыматтарды тараткандарды жазалоо механизми жоктугун айтты.

Осмонов маалымат тараткан жакты жоопкерчиликке тартуудан мурун атайын экспертиза жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Телевизор аркылуу таратылган маалыматты көзөмөлгө алса болот. Себеби ага расмий түрдө бир ММК жоопкерчилик алат. Ал эми интернетти кантип көзөмөлдөшөт билбейм. Порнографиялык видеолорду тик-ток өзү эле тазалап, чыгарбайт. Бирок кичинекей балдарга терс таасир берген сөгүнгөн, ар кандай нерселерди кылган видеолор бар. Мындай учурда алардын баарын жоопкерчиликке тартуу керек болуп калат. Бирок кандай маалымат тарады, баланын аң-сезимине кандай таасир берди, ушулардын баары биринчи кезекте экспертизадан өткөрүлүшү керек».

Мыйзамдын негизинде балдарга зыян келтирген маалыматтарды таратканы үчүн жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом жана массалык маалымат каражаттарына же социалдык тармактарга жарыяланган макалалардын авторлоруна 25 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

IТ адиси Нурсултан Сардарбеков социалдык тармактарда маалымат таратуу боюнча чектөө жок экенин айтат. Ал интернеттеги маалыматтарды алууга ар бир жашы жете элек баланын мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Ошондой эле бул мыйзамдын иштеши үчүн атайын электрондук кызмат иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

«Бул мыйзамдын коомдук талкууга коюлушу бир четинен жакшы кадам. Анткени биздин өлкөдө социалдык тармактарды колдонууда эч кандай чектөө жок. Бул мыйзам ишке кириши үчүн өлкөнүн IТ тармагындагы адистери чоң күч жумшашы керек. Бирок бул маселени чечүүнүн оңой жолу бар. Ата-энелерге сунуштайм. Ар бир балага уюлдук телефонду алып берерден мурун атайын аккаунт ачылат. Ал жерде ата-эненин көзөмөлү деген бөлүм бар. Ал жакка кирип, каалаган убакта балаңыздын кандай видео көрүп, кандай маалымат алып жаткандыгы тууралуу маалыматты көрсөңүздөр болот. Муну менен катар пайдасыз маалыматтарга чектөө киргизип койсоңуз болот».

Ал эми психолог Аида Тимурланова мыйзам күчүнө киргенден кийин анын иштешине мамлекет гана эмес, ата-эне да жоопкерчилик алышы керек деген пикирде. Анын айтымында, ата-эне баласы телефондон, телевизордон кандай маалымат алып жатканынан кабардар болуп турушу керек.

«Бул жерде бир гана мамлекет эмес, ар бир баланын ата-энеси да жоопкерчилик алышы керек. Балага кичинекей кезинен эле колуна телефон карматып койгон ата-энелерибиз арбын. Бала телефондо кандай видео көрүп жатат, кандай оюн ойноп жатат, кароо керек. Азыр бизде телефон, телевизор баланы алаксытуу үчүн да колдонулуп калды. Ал эми бул мыйзамдын иштешине ата-энелердин да жардамы керек. Мамлекет мыйзамдын иштешине өзгөчө көңүл буруп, аны бузгандарды жоопко тартып, айып пул салышы керек».

Мыйзам долбоорунун толук аталышы «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» деп аталат. Ошондой эле «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоор да 17-мартта коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору балдардын жана өспүрүмдөрдүн моралдык, физикалык, психологиялык жана социалдык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM