Connect with us

Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 473 | 0

Жер көчкүдөн улам Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 05:00 чамасында Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкөн. Жер көчкү аталган тилкеде жайгашкан 18 турак үйгө коркунуч жараткан.

Жерине 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Аталган аймакта жер 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында аталган аймак ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларына башка жакка көчүү сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM