Биз менен байланышыңыз

Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 1484 | 0

Бүгүн, 23- март саат 02:07де Тажикстандын аймагында очогундагы күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM