Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров элди ынтымакка чакырды

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 256 | 0

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров келип катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Президент майрамдык кайрылуусунда, элди ынтымакка чакырды. Айрыкча дүйнөдөгү болуп жаткан абалды эске алуу менен калктын биримдиги маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле “Эки жылдан бери өлкөдө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз буюрса, дагы да түзөлөт”, — деди Жапаров.

Президент соңку жетишкендиктер катары өлкөдө айлык маяналар көтөрүлгөнүн, Улуттук банкта алтын кору чогултулганын айтып, дипломатиялык жаатта ийгиликтер бар экенин, инвестициялык климат жакшырып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле, Баткен облусуна да өзүнчө токтолуп, тажик тараптын кол салуусунда кыйраган айылдарды калыбына келтирүү иштери негизги маселе экенин айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM