Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарынын борбордук көчөсү кеңейтилет

Кыска кабар | 19 Мар 2023 | 315 | 0

Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсү заманбап стандарттык талаптарга ылайык кайрадан жасалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 19-мартта «Кыргызжолтрансдолбоор» инстутутунун директорунун орун басары Уланбек Султанов жетектеген топ атайын жыйын өткөрүп, жол оңдоо долбоорун даярдоо боюнча план түзүштү.

Алдын ала маалыматка караганда, борбордук Ленин көчөсүнүн туурасы 15 метрге кеңейтилип, жаңы асфальт басылат. Ошондой эле Сагымбай Орозбаков көчөсү Жаңы-Жол аймагына чейин узартылат. Андан тышкары бир катар ички көчөлөрдүн жолуна асфальт төшөлөт.

Долбоор боюнча жалпысынан 29 миң 300 метр жолду афальттоо пландалууда. Мунун ичинде Ленин көчөсүнүн 9500 метри, Сагымбай Орозбаков көчөсүнүн 1280 метри оңдолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM