Биз менен байланышыңыз

Эртең Чүй менен Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 19 Мар 2023 | 485 | 0

20-марттан 21-мартка караган түнү Чүй облусу менен Талас облусунда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айтылган түнү эки облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2 градус суук болору болжолдонууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бак-дарактын мөмөсүн жана бүчүрүн, айрыкча өрүктү үшүк алып кетиши мүмкүн экенин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM