Биз менен байланышыңыз

Германия: Путин биздин өлкөгө кирсе, камакка алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2023 | 367 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын аймагына кирсе, камакка алынат. Бул тууралуу Германиянын юстиция министри Марко Бушман билдиргенин немис басылмалары жарыялады.

«Эл аралык кылмыш соту Интерпол жана башка өлкөлөр тез арада байланышып, талапты аткаруу тапшырмасын берет деп күтөм. Ал эми Германия Путин немис аймагына кирсе, дароо туткундап, эл аралык сотко өткөрүп берүүгө милдеттүү», — деген Марко Бушман.

Министр ошондой эле Германия Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин таануу боюнча милдеттенме алганын эске салган.

Айта кетсек, Германиянын канцлери Олаф Шольц кечээ, 18-мартта Токиого жасаган иш сапарында соттун бул чечимин кубаттай турганын билдирген.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусия президенти Владимир Путин менен президенттин балдар укуктары боюнча өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.

Гаагадагы сот согуш маалында орус аскерлери басып алган аймактарынан украин балдарды өз аймагына күчкө салып чыгарып кеткен деп айыптап, бул ишке Путин менен Львова-Белованы күнөөлүү деп тапкан.

Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM