Биз менен байланышыңыз

Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер берди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 391 | 0

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди, ошондой эле балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы камакка алууга эл аралык ордер берди. Алар украиналык балдарды депортациялаган деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Владимир Путинди камакка алууга ордер чыгарганын Эл аралык соттун расмий сайтына жума күнү, 17-мартта жарыялады.

Сот Путинди согуш кылмыштары үчүн, атап айтканда, Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Орусияга күч менен депортациялоо боюнча жоопкерчиликтүү деп эсептейт.

Ушундай эле камакка алуу ордери Орусиянын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Беловага да чыгарылган. Эл аралык соттун чечиминде Гаагадагы соттун «ал бул жосундарды түздөн-түз, башка адамдар менен биргелешип жасагандыктан, жогоруда аталган кылмыштар үчүн жекече кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп ишенүүгө жетиштүү негиздер бар» деп айтылат.

Ушул жылдын 22-февралында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба согуш учурунда миңдеген украин балдары Орусияга күч менен алынып келингенин айтып, окуяны геноцид деп атаган.

Москва украиналыктардын Орусияга алып келинишин «согуш аймагынан эвакуациялоо» деп атайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Эл аралык кылмыш сотунун Путинди камакка алуу ордери Орусия үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экендигин билдирди.

«Орусия Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутунун катышуучусу эмес жана ага ылайык эч кандай милдеттенмелерди албайт. Орусия бул орган менен кызматташпайт жана Эл аралык соттон келген камакка алуу ордери биз үчүн жараксыз болуп калат» — деди Захарова.

Ошол эле учурда Эл аралык кылмыш сотунун Путинди камакка алуу ордеринин чыгышы орус президенти Рим статутун ратификациялаган, ошондой эле Эл аралык соттун юрисдикциясын тааныган өлкөлөргө кире албайт дегенди билдирет. Эгер Путин бул өлкөлөрдүн бирине барса, жергиликтүү бийлик аны камакка алууга аргасыз болот. Кеп 123 мамлекет, анын ичинде Европанын бардык өлкөлөрү, Түштүк Америка, ошондой эле Тажикстан, Түштүк Африка, Ооганстан, Борбордук Африка Республикасы жана Нигерия жөнүндө болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM