Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 421 | 0

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселесин карап, анын дайындалышын колдоду.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Белгилей кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.

Мелис Тургунбаевди президент Садыр Жапаров 15-мартта экология министринин милдеттерин аткаруучу кылып дайындаган.

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Copyright © 2017 Maral FM