Биз менен байланышыңыз

Эми батирлер сатыкка үй толук салынып бүткөндөн кийин коюлат

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 1802 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында батир алуу үчүн курулушу жаңы башталган үйлөргө акча төлөгөн жарандардын батирин ала албай калган учурлары көп катталып жатканы айтылды.

Буга байланыштуу кардарлардын укугун коргогон «Көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө» жобо жазылып жатканы маалымдалды.

Жобо күчүнө кирсе, курулуш компаниялары баштаган имаратын аягына чейин толук салууга милдеттендирилет. Ошондой эле үй толук бүтмөйүнчө сатыкка чыгарууга тыюу салынат.

Бакыт Төрөбаев бул жобо жарандар менен курулуш компаниялардын ортосундагы ачык-айкындыкты камсыздап, батир маселеси боюнча чыр-чатактарды жөнгө саларына ишенимин билдирди. Андан тышкары мындай жолугушуулар эми тынымсыз өтүп турарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM