Биз менен байланышыңыз

Анкарада Жапаров менен Эрдоган жолугушту (видео)

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 218 | 0

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26%га өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга жеткирүү максаты коюлган.

Ошону менен бирге Түркиянын президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли боордош Түркияны колдоого дайым даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады. Мындан тышкары, ал экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM