Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырууда (видео)

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 857 | 0

Бишкектин айрым мектептеринде танапис убагын жана сабактын башталышын эскерткен коңгуроонун ордуна комуз күүлөрү жаңыра баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бул аракет балдарды Мекенди, элди-жерди сүйүүгө, патриот болууга, түп башатын унутпоого үндөө максатын көздөй турганы, патриоттуктун бир белгиси улуттук музыканы сүйүп угуу болуп саналары айтылат.

Бишкек шаарындагы №3, №51, №93, №95, №96, №97, №99, №100 мектептерде Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насирдиновдун, Закирбек Дүйшөнбековдун күүлөрү жаңырууда. Алар бул аркылуу окуучулардын кыргыз маданиятын, тарыхын, каада-салтын тереңден билип, кызыгуусун арттырууну көздөшөрү белгиленген билдирүүдө.

Программа Президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас имараттарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыгынын негизинде  ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM