Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кардарлар өз укугун жакшы билбейт

Коом | 15 Мар 2023 | 623 | 0

15-мартта Бишкекте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү.

«Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо» мыйзамына ылайык, сатылып жаткан товарлар же көрсөтүлгөн кызматтар сапаттуу болушу керек. Мындан сырткары адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коопсуз товарлар гана сатылышы шарт. Дүкөндөрдөгү «сатылган товар кайра алынбайт» деген жазуулар мыйзамга дал келбейт.

Кардарлар качан жана кандай шартта укуктарын коргой алат? Кимге кайрылышы керек?

Кыргызстанда кардарлар көп учурда товардын сапатына нааразы болушат. Мындан сырткары кардардын укугу жакшы корголбойт, анын үстүнө адамдар өзүнүн укук-милдеттерин биле беришпейт. Мындай пикирин Соода-өнөр жай палатасынын эскперти Эльмира Нургалиева билдирип, буларга токтолду:

«Бизде керектөөчүлөрдүн эң негизги маселеси: бир сапатсыз кийим же товар алса, аны кайтарып берүүсү өтө татаалга туруп калат. Керектөөчүлөрдүн укугу жакшы корголбойт. Анын үстүнө адамдар өзүнүн укук-милдеттерин биле беришпейт. Сатып алуучулардан укуктук маселелер боюнча күнүнө кеминде 10-15тей киши чалат. Бул көйгөйлөрдү өз учурунда чечкенге аракет жасайбыз. «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзам боюнча, сатуучу тарап өзү тууралуу толук маалымат бериши зарыл. Мисалы, дүкөндүн аталышы, иш графиги, дареги, байланыш номери жана башка маалыматтар жазылып, илиниши керек. Кардар мекеменин сертификаты, уруксаты тууралуу документти талап кыла алат. Ал эми талаптарды аткарбаган сатуучулар Бузуулар кодексинин беренесине ылайык айып пул төлөшөт. Мындан сырткары жаран товар же буюм сатып алгандан кийин алты айдын ичинде кайтарып берүүгө укугу бар».

Эксперт дүкөндөрдө «товарды алмаштыруу жана кайтарып берүү мүмкүн эмес» деп илинген такталар мыйзам боюнча керектөөчүлөрдүн укугун тебелөөгө кирип каларын кошумчалады.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгына курулуш ишканалары боюнча арыздар көп түшөт. Анда негизинен турак үйлөрдүн белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү тууралуу дооматтар болот. Аталган башкармалыктын жетекчиси Айбек Мамыралиев кийим жана тиричилик техника саткан тараптардан да бузуулар көп катталарын айтат.

Бишкек жана Ош шаарларында керектөөчүлөр өз укуктарын коргоп келерин, ал эми аймактарда бул боюнча маалымат жокко эсе экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында керектөөчүлөрдүн өз укуктарын билүү деңгээли ортодон жогору деп бааланат. Ал эми айылдарда, алыскы райондордо жарандардын бул тууралуу маалыматтары жокко эсе. Ошондуктан биз бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырдык. Себеби алар да бул жаатта иш алып барышы керек. Биргеликте жарандардын маалымдуулугун, билим деңгээлин көтөрүү зарыл болуп турат».

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек шаары боюнча жетекчиси Ниязбек Мойдинов керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп турарына ишендирди.

«Негизи кардарлардын укуктарын коргоо боюнча биздин орган иш алып барат. Мисалы, эгер керектөөчү сапатсыз бир буюм, кийим, товар ала турган болсо, сатуучу кайтарып же алмаштырып берүүдөн баш тартса, биздин орган тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктары корголуп, жардам көрсөтүлөт».

1997-жылдын 10-декабрында кабыл алынган «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, кардар товар сатып алууда маселе жана суроо жаралса, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылышы зарыл.

1983-жылдын 15-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясы «Кардардын укуктарын коргоо боюнча көрсөтмөлөр» резолюциясын кабыл алып, бул күн майрамдардын эл аралык календарына Бүткүл дүйнөлүк сатып алуучулардын укуктарын коргоо күнү катары бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM