Биз менен байланышыңыз

Парламент Жаныбек Абировду жоопко тартуу маселесин карайт

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 210 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурадан келип түшкөн сунуштама каралат.

Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде жоопко тартуу сунуштамасын парламентке киргизген.

12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган 7-8 мас адам ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган.

Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Аталаган окуяны Бишкек шаардык милициясы иликтеп, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жиберген.

14-мартта мушташка катышкан депутат Жаныбек Абиров Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирип, кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM