Биз менен байланышыңыз

Беш жылдан ашык иштеген бала бакча башчылары кызматынан кетет

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 9453 | 1

Билим берүү жана илим министрлиги «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом кабыл алынса, мындан ары бала бакча башчылары да конкурстан өткөрүлүп, андан соң кызматка дайындалат.

Токтом мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, бала бакчаларга кесипкөй адистерди тартуу, кадр саясатын иштеп чыгуу максатын көздөөрү белгиленген.

Токтомго ылайык, сынактын негизинде тандалып алынган бала бакча башчылары 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Токтот күчүнө киргенден тарта кызматтык мөөнөтү беш жылдан ашып кеткен жетекчилер ишинен бошотулду деп эсептелип, жаңы жетекчилерди дайындоо үчүн сынак өткөрүлөт.

Айта кете турган жагдай, токтом мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга тиешелүү болуп, мекемелердин (ведомстволук) бала бакчаларына колдонулбайт.

Сынакты министрликкке караштуу «Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси жүргүзөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8-июлунда Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде мектеп директорлору да сынактын негизинде дайындала баштаган.

Эми мектеп жетекчилери сынак аркылуу дайындалат

1 пикир

1 пикир

  1. Нурзат.

    17.03.2023 20:12

    Атбашынын дыйкан айылындагы бала бакчанын жетекчиси мен жаны Келин болуп келгенден бери иштеп эле келтатго эчкимге бербей эле андан бери 15 жыл болду ушул кетсе жакшы болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM