Биз менен байланышыңыз

Эми мектеп жетекчилери сынак аркылуу дайындалат

Билим-маданият | 13 Июл 2022 | 3082 | 1

Ушул жылдын 8-июлунда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын максаты өлкөдөгү мектеп жетекчилеринин жогорку кесипкөй курамын түзүү болуп саналат. Адистердин айтымында, мектеп директорлорун дайындоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй, ачык-айкын жана коррупцияга каршы күрөштүн негизи болгон адам факторун жокко чыгарат.

Азыркы учурда модернизациялоонун фазасы билим берүү уюмдарын башкаруучу адамдардын кесипкөй командасын түзүү болуп саналат.

Жаңы механизмдин биринчи айырмалоочу өзгөчөлүгү — директорлук кызматка талапкердин сынакка катышуу документтеринин топтомун Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына өз алдынча жүктөөсүндө.

Экинчи айырмалоочу өзгөчөлүгү — толугу менен автоматташтырылган тестирлөө. Аудиториялар онлайн режимде чагылдырып бере ала турган видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылып, тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге дароо чыгарылат.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, мектеп жетекчилери сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандалат.

Өлкөдөгү 2 миң 233 мамлекеттик мектептеги ишмердүүлүктү жандантуу, кадрдык деңгээлин көтөрүү жана реформаларга даярдануу максатында мектеп жетекчилери сынактын негизинде тандала баштайт.

«Район, шаардын билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин деңгээлинде кээде кадрдык мүчүлүштүктөр болуп калышы мүмкүн. Бирок баарына бирдиктүү мамиле кылып, жетекчилер ачык-айкын түрдө сынактык негизде дайындалып келсин деген кадамга барып жатабыз. Жетекчилер эки этапта дайындалат: талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы тиешелүү критерийлерге жооп бериши керек, экинчиси тестирлөө өткөрүлөт. Тест онлайн түрдө коомчулукка көрсөтүлүп турат. Бүгүнкү күндө беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун саны 966ны түзөт. Демек, 966 мектепте сынак жүрөт. Калгандарында директорлорунун иштөө мөөнөтү беш жылдан ашканда сынак жарыяланат».

Онлайн сынактагы тесттер башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, колдонуучу деңгээлинде IT-технологиялар, талаш маселелерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар сыяктуу темаларды камтыйт.

Министрдин орун басары Уланбек Мамбетакунов өлкөдө 38-41 жылдан бери мектеп директорлугунан түшпөй келгендер бар экенин айтты.

«Өлкө аймагында 2 миң 233 мектеп болсо, 966 мектепте директорлор беш жылдык мөөнөттөн ашык иштеп жаткандыктан сынак жүрөт. Мектептер боюнча анализ жүргүздүк, айрым мектеп директорлору өздөрүнүн ордуларында 38-41 жылдан бери эмгектенип келе жатышат. Конкурстун негизги максаты – директорлордун аброюн түшүрүү эмес, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү».

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова конкурс эки этапта өтөрүн түшүндүрдү.

«Талапкерлер документтердин топтомун чогултуп, министрликтин атайын электрондук платформасына жүктөшү керек. Документтер талапка жооп берерлик болсо, талапкерлерге биринчи этаптан өткөнү тууралуу билдирүү келет. Экинчи этапта беш бөлүктөн (психология, педагогика, IT тармагы, менеджмент жана билим берүү тармагындагы мыйзамдан) турган тесттен өтүшөт. Баса белгилей кетсем, тестке Билим берүү министрлиги эч кандай таасир эте албайт».

Шамшидинова тесттен өткөн талапкердин жыйынтыгы мониторго дароо чыгып, протокол басып чыгарыларын кошумчалады.

«Биз тесттин структурасын, суроолорун даярдап жатабыз. Июль айынын аягында биздин сайтта бардык керектүү нормативдик документтердин тизмеси жарыяланат. Ошондой эле талапкерлерге жеңил болушу үчүн сыноо тести уюштурулат. Учурда тесттеги суроонун саны жана аны тапшыруу убактысы каралып жатат. Азырынча 1 саат 20 мүнөт деп жатабыз. Ал эми суроолордун саны 60-80дин тегерегинде болот. Бир да тесттин жообу сатылбайт, анткени аны даярдаган адам менен келишим түзгөнбүз. Ошондой эле биз колдонгон программанын коду чет өлкөдө, ансыз суроолорго эч ким жете албайт».

Кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Онлайн сынактан эң көп балл алган талапкер мектептин директору болуп дайындалат. Босого баллдан жогору балл алган калган талапкерлер ошол райондун же шаардын кадрдык резервине киргизилет.

1 пикир

1 пикир

  1. Венера

    02.12.2022 01:51

    Саламатсызбы мен мектепке жетекчи болоюн деп аракет кылып келем мен иштейм жардам бергилечи мен эмне кылышым керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM