Биз менен байланышыңыз

Президент эртең Түркияга иш сапары менен барат

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 222 | 0

Президент Садыр Жапаров 16-17-мартта Түркиянын борбору Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.

Мамлекет башчылардын кезексиз жыйыны «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам» темасында өтөт.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Саммитке Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан Уюмдун мүчөлөрү катышат. Ошондой эле байкоочу макамын алган өлкөлөрдөн Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Милли Генгешинин төрагасы да келет.

Сапардын алкагында Жапаровдун Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жеке жолугушуусу да мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM