Биз менен байланышыңыз

Президент Теңгиз Бөлтүрүк тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-мартта ачкачылык жарыялаган Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы тууралуу «Кабар» агенттигине комментарий берди.

Анда ал «Кумтөрдөгү» коррупцияга шектелип камалгандардын баарынан чыгымды ордуна толук кайтарып коюуну талап кыларын айтып, «Акчалар бюджетке кайтарылгандан кийин укук коргоо жана сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек?» деген суроо салган. Ошондой эле аларды түрмөдө чиритүү ниети жок экенин кошумчалаган.

«Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. «Кумтөрдү» иштетүү үчүн күйүүчү майды, автотетиктерди, алтын казууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин «Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта», — деген президент.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирген. Ал мунун себебин жолдошу үй камагына чыгарылбай, дарылануусуна шарт түзүлбөй жатканы менен байланыштырган.

Copyright © 2017 Maral FM