Биз менен байланышыңыз

Абировду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама жөнөтүлдү

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 370 | 0

 Башкы прокуратурага Бишкек шаардык милициясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

Маалыматка караганда, 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган 7-8 мас адам ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган.

Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде жоопко тартуу сунуштамасын парламентке киргизди.

Эскерте кетсек, 12-марттагы мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, учурда анын негизинде тергөө, иликтөө жүрүп жатат.

Бүгүн, 14-мартта мушташка катышкан депутат Жаныбек Абиров Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирип, кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM