Биз менен байланышыңыз

Айылдыктарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлө баштады

Коом | 14 Мар 2023 | 390 | 0

Бүгүн, 14-марттан тарта айылдыктарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Демилге учурда Ош жана Нарын облустарында ишке ашууда. 22-марттан тарта Чүй облусунда да иштей баштайт. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн аймактарында бекер юридикалык жардам көрсөтүү кызматтары иштеп келген. 

Бүгүндөн тарта Ош жана Нарын облусунда «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды. Иш-чара Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан уюштурулууда.

Акциянын алкагында кесипкөй, тажрыйбалуу юристтер жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып беришет.

Уюштуруучу мекеменин юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын жетекчиси Айчүрөк Камаева жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн автобустар менен барып, жеринде кызмат көрсөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле ал аталган акциянын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Өнөктүк 13-марттан 25-мартка чейин өтөт.

«Бул долбоорду министрликтин ыйгарым укуктуу актыларынын алкагында, алыскы аймактарда жашаган жарандарды укуктук жактан камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүп келебиз. Анын алкагында атайын автобустар менен акцияларды өткөрөбүз. Жарандарга ыңгайлуу жерлерди белгилеп алып, ошол жерге барып кызмат көрсөтүлөт. Биздин адистерден дайыма эле юридикалык жардам ала алышат. Бул долбоордун өзгөчөлүгү башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өтөт. Жарандарга керектүү жардамдардын бардыгы бир жерде көрсөтүлөт».

Долбоор 2018-жылы башталган. Кайрылгандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда жылдан-жылга натыйжасы да жакшырууда.

Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Толкун Эргешов юридикалык жардам атайын критерийлердин негизинде көрсөтүлөрүн белгиледи.

«Долбоор 2018-жылдан баштап Юстиция министрлигинин жардамы менен ишке ашууда. Бүгүнкү күндө өнөктөштөр тарабынан автобустар алынды. Түндүктөгү аймактарга 1, түштүктөгү аймактарга 1 автобус алынды. Кызматкерлер алыскы райондо жашап, борборго келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жерине барып жатышат. Автобуста Юстиция министрлигинин кызматкерлери эле болбойт, «Кадастр» мекемесинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана башка мекемелердин кызматкерлери да өнөктүккө катышып, акысыз кеңеш берип жатышат».

Акция азыркы учурда Ош облусунда да өтүп жатат. Юридикалык жардам кызматынын аймактык координатору Сабырали Абдуллаев кечээ Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндө өткөн акцияда 114 жаран кайрылганын билдирип, эл көбүнчө кайсы маселелер боюнча суроо берип жатканын айтты.

«Бүгүн Куршаб айылында өтүп жатат. Кайрылгандар кеңеш жана квалификациялык юридикалык жардам алып кетишти. Бүгүн элдин катышуусу аябай жакшы. Түшкө чейин 80ден ашык адам келди. Көбүнчө пенсия, жөлөк пул, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, жер үлүштөрү, үй-бүлө куруу, ажырашуу ж.б. маселелер боюнча кайрылып жатышат».

«Тилектештик автобусу» акциясы 22-марттан баштап Чүй облусунда башталат. Акция жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн административдик, билим берүү, коомдук, профилактикалык борборлордо өткөрүлөт.

Мындан сырткары азыркы учурда өлкө боюнча 40ка жакын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору кызмат кылат.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү борбору Кыргызстандын бардык облусунда иш алып барат. Ага жарандардын баары кайрыла алышат.

Copyright © 2017 Maral FM