Биз менен байланышыңыз

ТИМ Кыргызстандын жарандарын Тажикстанга барбоого чакырат

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 1176 | 0
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Тажикстан өлкөсүнө саякат жасоодон баш тартууга чакырды.

Министрликтин маалыматына караганда, Тажикстан тарап расмий эскертүү жасабай туруп, жарандардын кирүүсүнө чек коюуда.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын жарандары өткөрүлбөй, күтүү залынан эле артка кайтууга аргасыз болуп жатышканын билдирген.

Министрлик кыргыз жарандары артка кетүү үчүн авиабилеттерди сатып алууда, транзиттик аймакта учактын келишин күтүүдө ири чыгымга учурап жатышканын эскертет.

Тышкы иштер министрлиги кеңеш алуу үчүн консулдук департаменттерге кайрылууну сунуштайт.

+996 999 312-002 — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек ш.);

+992887782223 — Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги (Душанбе ш.).

Copyright © 2017 Maral FM