Connect with us

Улуттук банктын мурдагы кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 237 | 0

Улуттук банктын мурдагы кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКга Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги «Росинбанктын» (учурда «Керемет банк») акцияларынын көзөмөл топтомун 8 млрд сомго мыйзамсыз сатып алганы боюнча маалымат түшкөн.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө бул чыгашалуу активдерди сатып алуу мамлекетти ири каржылык зыянга учуратканы аныкталган.

Козголгон кылмыштын негизинде Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н., Т.А., башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А., С.Н. кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Учурда УКМК бул адамдардын мыйзамсыз аракетинен мамлекет тарткан зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштерин жүргүзүп, кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды иликтеп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM